«Замандаш» Ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койушту

ТИЛ (2)27-майда, «Замандаш» ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койушту.Эки тарап тен мамлекеттик тилдин кадыр – баркын көтөрүүнү эске алуу менен төмөндөгүчө иш алып барышат:

—   Кыргыз тилин жана Маданиятын өнүктүрүүгө салымын кошуу;

—   Дүйнө жүзүнө кыргыз элинин тарыхый мурасын жана салт санаасын жайылтуу;

—  Улуттун тагдырын ойлогон, мамлекеттик тилди колдогон мыкты мекенчил инсандарды салттуу багытта тарбиялоодо;

—  Ички жана тышкы эмгек рыногунда жумуштуулук менен алектенген мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдардын конструктивдүү байланышын колдоонун маанилүүлүгүн белгилөө.

Меморандумга кол коюда “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү жана Тил комиссиясынын директору Эрматов Эгемберди Эрматович жана жоопту катчысы  Түмөнбаева Чолпон Дүйшеевна катышты.

Эгемберди Эрматович өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү белгилеп кетти: “Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы  “Замандаш” Ассоциациясы менен кыргыз тилине байланыштуу конкреттүү долбоорлор менен иштешүүгө даяр. “Замандаш” ассоциациясынын көп жылдан бери чет өлкөлөрдө кыргыз тилин жана маданиятын сактап калуу жаатында көп алгылыктуу иштерди жүргүзүп келгендигин билебиз. Мындан ары да мамлекет үчүн, эл үчүн көп иштерди биргеликте кылып, коомго бир топ пайда келтирерибизге ишенебиз. “

«Замандаш» ассоциациясын  маалымат кызматы

ТИЛ (4)