«Нооруз» майрамына карата Тюмень шаарында спорт оюндары өттү

Тюмень26 мартта  Тюмень шаарында «Нооруз» майрамынын алкагында кыргыз, тажик, өзбек диаспораларынын оротосунда мини-футбол боюнча мелдеш өттү. Мелдеште биринчи орунду таджик диаспорасынын курама командасы, экинчини кыргыз диаспорасынын курама командасы, үчүнчү орунга  озбек диаспорасынын курама командасы ээ болушту.Ошондой эле 27 март күнү  мекендештерибиздин ортосунда волейбол оюну боюнча мелдеш өттү. Аталган оюнга 6 команда катышып, биринчи орунду Аксы курама командасы, экинчини Өзгөн курама командасы, үчүнчүнү Ноокат курама командасы жеңип чыгышты. “Кыргыз диаспорасынын ишмердүүлүгүнө кайдыгер карабай, диаспора тараптан өткөрүлүп жаткан иш-чараларга активдүү катышкан мүчөлөргө терең ыраазычылык билдирип кетет элем”, — дейт өз сөзүндө “Биримдик” кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова.

«Замандаш» ассоциациясынын  басма сөз кызматы