Талас облусунун 11-классынын окуучусу Темирлан Кубаналиев Бакуда өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада “коло” медалга ээ болду

футболТалас облусунун 11-классынын окуучусу Темирлан Кубаналиев Бакуда өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада “коло” медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Делегациянын жетекчиси Бакыт Боркоевдин айтымында, Кыргызстан эки жылдан бери химия боюнча эл аралык олимпиадаларда мындай жогорку жыйынтык көрсөткөн эмес. “Темирлан ушуну менен үчүнчү жолу эл аралык олимпиадаларга: 2014-жылы Москвада, өткөн жылы Ханоеде эл аралык олимпиадаларга катышкан. Ал медаль алганга бышып калды, бул анын тажрыйбасы”,-деди Б.Боркоев. Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашимбаева Кыргызстан 16-жолу химия боюнча эл аралык олимпиадага катышып жатат деп белгиледи. “Биз мыкты мугалимдер менен камсыз болгон окуучуларыбыздын жетишкендиктери жана жакшы даярдыктары менен сыймыктанабыз. Жамааттык иштер ушундай жыйынтыкка алып келди”,-деди Т.Ашимбаева.

http://www.kabar.kg/kyr/