Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар нооруз майрамын белгилешти

21-март (73)Ыраакы Чыгыштагы кыргызстандыктар Ноорузду башка боордош элдер менен чогуу белгилешти. Анда кыргыз, өзбек, тажик, азербайжан калктары улуттук тамак-аштардын көргөзмөсүн уюштуруп жана өз элинин ыр-бийлерин көрсөтүштү. Бул тураалуу «Замандаш» ассоциациясына Кыргыз Республикасынын Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев билдирди.Кечеде кыргызстандык студенттерден куралган бий тобу кыргыз бийин тартуулашты. Иш-чара Хабаровск аймагынын өкмөтү менен улуттар Ассамблеясынын колдоосу менен ишке ашты. Мындан сырткары аймактагы кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаевдин демилгеси менен мини футбол жана волейбол боюнча эл аралык турнир болду. Анда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Белоруссия, Армения мамлекеттеринин жарандарынан куралган 16 команда мелдешти. Оюндардын жыйынтыгында мини футбол боюнча биринчи орунду белоруссиялыктар, экинчи орунду армяндар, үчүнчү орунду тажиктер ээлешти. Ал эми волейбол боюнча баш байге Еврей автономиялуу облусунда жашаган кыргызстандыктарга тийди. Экинчи катарда тажикстандыктар, үчүнчү болуп Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар табылышты. Улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатында мындай спорттук иш-чаралар кыргызстандыктардын демилгеси Хабаровскта жылына эки-үч ирет салттуу түрдө өткөрүлүп турат.

«Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы