Челябинск шаарында «Нооруз» майрамы жогорку дегээлде өттү.

челябинск1Майрамдык кече Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү, шаарда окуган кыргызстандык студенттер, Челябинск жана Курган областтарынын Муфтиятынын өкүлдөрү, Челябинск областынын улуттар Ассамблеясынын төрагасы, ошондой эле таджик, өзбек, казак жана азербайждан диаспораларынын жетекчилеринин катышуусу менен өттү.

Мындан тышкары, иш-чарага жергиликтүү “31 Канал” жана “ОТВ” телеканалдарынын журналисттери дагы катышышты.  Майрамдык иш-чара ыр-күүнүн коштоосунда өтүп, келген коноктор улуттук тамак-аш, салтка айланган сүмөлөктөн даам татышты. Мыкты диаспоранын мүчөлөрү грамота жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.

«Замандаш» ассоциациясынын басма сөз  кызматы