Мухтарбек Өмүракунов элүүдө!

11705304_769896406461364_3485850948480468401_n
2015-жылдын 13 июлунан 19-июлуна чейин кыргыз коомчулугу мекенчил инсан Мухтарбек Өмуракуновдун 50 жылдыгына арналган эскерүү жумалыгын өткөрөт. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын илимий, маданий чөйрөсүнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү болгон белгилүү инсандары атайын демилгелүү топко биригип, М.Өмуракуновдун 50 жылдыгын өткөрүү сунушу менен маркумдун атындагы фондго кайрылышкан.

Фонд атайын жумушчу топ түзүп, эскерүү жумалыгын демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүну чечти.
Эскерүү жумалыгынын алкагында М.Өмуракуновдун элесине арналган расмий, маданий жана спорттук иш-чаралар өтөт: 15-июль күнү Бишкек шаарындагы Токтоналиева 121 көчөсүндө жайгашкан стадиондо футбол оюну, 17-июлда Бишкек шаарында велосипедчендердин жарышы уюштурулат. Андан тышкары 18-июль күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрында расмий-маданий форматтагы эскерүү кечеси өтөт.
Ал эми 19-июль — туулган күнүндө Бишкекте, кичи мекени Ат-Башыда, жана башка республиканын жер-жерлеринде, ошондой эле кыргыз диаспораларынын катышуусу менен дүйнө жүзүнүн бир топ шаарларында да ага арналып куран окутулат.

Маалымат үчүн
Мухтарбек Өмуракунов 1965-жылы 19-июлда Кыргызстандын Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Калинин айылында төрөлгөн.
Ал өзүнүн ишмердигинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон БИЕК карго ишканасын ачкан (2001-ж), чет жакта жүргөн мигранттардын акыбалын оңоого жардам берүү максатында кыргыз диаспораларынын эл аралык “Замандаш” ассоциациясын түзгөн (2003-ж), “Замандаш” коомдук-саясый журналын уюштуруп, ММКлардагы “Жыл мыктыларын аныктоо” долбоорун өлкөдө биринчи ирет баштаган. Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланган(2004-ж), өлкөнүн жеңил өнөр жайын көтөрүүдө маанилүү роль ойногон “Легпром” Ассоциациясынын негиздегендердин бири болгон (2005-ж). Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча Мамлекеттик Комитеттин статс-катчысы болуп иштеген (2006-ж) жана “Замандаш” саясый партиясын негиздеген (2007-ж).
Мухтар Өмүракунов коомубуздун маданий жана спорт чөйрөсүндө чоң меценант катары да элдин эсинде калган.