«Замандаш» ассоциациясы Чет өлкөдөгү мекендештер менен иш алып баруучу кеңештин курамын кеңейтүү боюнча президентке кайрылды

«Замандаш» ассоциациясы Чет өлкөдөгү мекендештер менен иш алып баруучу кеңештин курамын кеңейтүү боюнча президентке кайрылды

«Замандаш» ассоциациясы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамын кеңейтип, ага кыргыз диаспораларынын делегаттарын, ошондой эле «Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин «Замандаш» ассоциациясынан өкүлдү да кошууну сурап кайрылды.

Ассоциациянын жаңы шайланган төрагасы Абдирасул Айдаровдун жана ага кол койгон 72 кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн кайрылуусунда, Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин мамлекет башчысынын көзөмөлүнө өткөндүгүн колдой турушкандыгын жана бул иш өз убагында болгондугун белгилешкен. Ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын коомдору бул жаңылыкты канааттануу менен кабыл алышкандыгы айтылган.

Аталган кеңештин алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдардын өкүлдөрүнөн жана мекендештерден куралышы, алардын Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү кадыр-баркын бекемдөөгө жардам берүүчү долбоорлорго кошулуусуна жол ачат. Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңешине диаспоралык уюмдардын өкүлчүлүгү аз санда – 31 гана болуусу – миграциялык процесстин чыныгы абалын көрсөтө албайт. Анткени кыргызстандыктар учурда дүйнөнүн элүүдөн ашык өлкөлөрүндө жашап, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө 115 диаспоралык уюмдар активдүү иштеп келе жатышат. Мамлекет менен кеңешип иш алып барууда алардын бул ишке аз санда тартылуусу, мигранттардын көйгөйлөрүнүн толук каралбай жана чечилбей калуусуна алып келиши ыктымал.

«Замандаш» ассоциациясынын кайрылуусун анын төрагасы Абдирасул Айдаров, башкармалыктын мүчөсү Руслан Эшимов, аткаруучу директору Майрамбек Жапанов жана координатор Азамат Айтбаев 2018-жылдын 11-декабрында Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушуу учурунда тапшырышты. Жолугушууда президенттин Жарлыгын мындан ары кантип ишке ашыруу маселелери да талкууланды.

Эске сала турган нерсе, 2018-жылдын 22-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<