Азыркы көчмөндөрдүн миң түйшүгү айтылды

Азыркы көчмөндөрдүн миң түйшүгү айтылды

Бүгүн 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнүнө карата бир катар олуттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматы, Миграция боюнча эл аралык уюм, Эл аралык эмгекти уюштуруунун КРдагы өкүлчүлүгү, ЮНИСЕФ, Евросоюз сыяктуу эл аралык уюмдар биргелешип, мигранттардын маселелери боюнча Бишкектеги “Хаят” мейманканасында конференция өткөрүштү. Анын ишине “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, координациялык кеңештин мүчөсү Руслан Эшимов да катышты.
Конференцияда ички миграцияны изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жарыя болду. Анда ички миграциянын акыркы тенденциялары, миграциянын коопсуз болушуна жетишүү көйгөйлөрү терең да, кенен да айтылды. Мындан тышкары MigApp аттуу мигранттарга жардам берүүчү жаңы глобалдык тиркеменин бет ачаары жасалды.

 

 

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<