Чет өлкөгө чыгардан мурда документтерди камдап ал!

Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте “Эмгек мигранттарынын сыртка чыгуусуна даярдык көрүүлөрдү жакшыртуу, Россия Федерациясында аларды укуктук жана социалдык жактан колдоонун механизмдери” деп аталган тренинг болуп өттү.
Иш-чараны улгайган адамдар үчүн Ресурстук борбор (Жетекчиси- Светлана Баштовенко, Бишкек) жана Санкт-Петербургдагы агартуучу жана социалдык долбоорлорду колдоочу “ПСП –фонд” кайрымдуулук фонду менен биргелешип өткөрүп жатат.
Аталган тренингге “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Жыйында КР жарандарынын РФдагы социалдык укуктары: саламаттык сактоо, билим алуу боюнча укуктарга жетишүү; миграциялык мыйзам базаларын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгаруу боюнча маселелер; полиция менен өз ара иштешүү көйгөйлөрү; мекендештердин өз ата-журтуна көчүп баруусу, Россиядагы кыргыз жарандарын укуктук жана социалдык жактан колдоонун мүмкүнчүлүктөрү, мындан аркы кызматташуунун жолдору сыяктуу миграция тармагынын ар тараптуу суроолору кенен талкууланды.

Категориялар Пайдалуу жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<