Мигранттардын көйгөйүн кыргыз-орус уюмдары бирге талкуулады

Мигранттардын көйгөйүн кыргыз-орус уюмдары бирге талкуулады


Кыргызстандагы улгайган адамдардын Ресурстук борбору жана Россиянын Санкт-Петербург шаарынын “ПСП-фонд” кайрымдуулук фонду биргелешип, эл аралык мигранттар күнүнө карата тегерек үстөл өткөрүштү. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мигранттардын укуктарын коргоочу уюмдар, Жогорку Кеңеш депутаты Евгения Строкова жана “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, координациялык кеңештин мүчөсү Руслан Эшимов, өнүктүрүү боюнча менеджер Лола Огонбаева да катышты.
Тегерек үстөлдө Кыргызстандагы жана Россиядагы миграциялык тенденциялар, проблемалар, мигранттардын өзүнө, алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүдөгү тажрыйбалар, өз ара жардам берүүлөр тууралуу кенен сөз болду.
Мигранттардын кесиптик кошууну түзүлүп жатканы жаңылык болду. Мындан тышкары адамдын керт башын камсыздандыруу маселеси да эки өлкөнүн чечүүсүн талап кылууда.
“Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров: – Акыркы кезде миграция маселесине бийликтин олуттуу көңүл буруп жатканын байкап жатабыз. Жакында КР Президентине караштуу чет элдеги мекендештер менен иш алып баруу боюнча атайын кеңештин түзүлгөнү буга күбө. “Замандаш” ассоциациясы миграция боюнча мыйзам долбоорлоруна сунуштарын берүүгө даяр. Мындан тышкары, ондогон жылдар аралыгында биздин мекендештер Кыргызстанга инвестиция салуу деңгээлине жетип калышты. Бизде бул боюнча да сунуштар бар,- деди.
Миграция боюнча эксперт Алмаз Асанбаев “Замандаш” ассоциациясынын мындай сунуштарын колдоого алуу зарылдыгын, мындан башка адамдын керт башын камсыздандыруу, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптик кошуундун түзүлүшү да азыркы мезгилге туура келээрин белгиледи.
Тегерек үстөлдүн аягында 2019-жылды Балдардын жылы деп жарыялоо, ЕАЭБ кесиптик кошуундарынын түзүлүшүн да колдоо боюнча сунуштарды кыргыз бийлигине жиберүү боюнча кайрылуу кабыл алынды.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<