Россияга бара турган болсоң, окуп ал!

Кыргызстандын улгайган адамдардын Ресурстук борбору менен тыгыз иштешип жаткан Санкт-Петербург шаарынын “ПСП-фонд” кайрымдуулук уюму, ушул шаарга келген мигранттар менен ар тараптуу иштешүүнү колго алыптыр. Төмөнкү сүрөттө көрүнүп турган буклеттерди чыгарып, анда иш издеп башка өлкөдөн келген мигранттар үчүн пайдалуу маалыматтар камтылыптыр.
Эми сандарга кайрылсак, 2018-жылдын октябрь айына карата Кыргызстандын 879,5 миң жараны, Өзбекистандын 4,082 миң жараны, Тажикстандын 2,106 миң жараны, Украинанын 1,792 миң жараны, Армениянын 675 миң жараны Россияда мигрант болуп жүрүшөт. Казакстан, Азербайжан, Молдованын жарандары жогорудагы сандарга салыштырмалуу азыраак.
2018-жылдын январынан сентябрь айына чейин эле Кыргызстандан Россияга иш издеп, 247 658 адам чыгып кеткен. Ушу иш издеп сыртка чыгып жаткандардын 75,8 пайызы 35 жашка чейинки адамдар, алардын ичинен 60 пайызы никеде турушат, 18 пайызы 18 жашка чейинки балдар болсо, 40 пайызын аялдар түзөт.

Категориялар Пайдалуу жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<