“Спутник” аркылуу Бишкек-Москва сүйлөштү

“Спутник” аркылуу Бишкек-Москва сүйлөштү

“Спутник” аркылуу Бишкек-Москва сүйлөштү

Бүгүн “Спутник маалымат агенттигинде Бишкек-Москва видеокөпүрөсү болду. Анда Кыргызстандан барган мигранттар маселеси талкууланып, көптөгөн суроолорго Бишкектен “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов, КР ИИМинин Россиядагы өкүлү Коомбаев Абдыш, ал эми видеоэфирдин ары жагынан КР Россиядагы элчилигинин кеңешчиси-консул Эдуард Насиров, элчиликтин дагы бир кеңешчиси Дастан Ниязалиев жана кыргыз өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамкызматынын Россиядагы өкүлү Марлес Шаршеев жооп беришти. Жооп берилбей калган суроолор – эки өлкөнүн биргелешип чечишин талап кылган көйгөйлөр болду.

Кыскасы, “Эй бир тууганым, Кыргызстандын чегинен чыгып башка өлкөгө бара жаткан максатыңды чек арадан ачык айт. Иштегени баратсаң, аны айт, жок, туугандарыңа конокко эле барып кайра кайта турган болсоң аны да ачык айт. И баса, орус тилин жок дегенде үчүнчү класстын деңгээлинде билип алсаң, өзүңө гана пайда!” деп кыйкыра тургандай эле кеп болду. Анткени Абдирасул Айдаров айтмакчы, “миграция Россияда эмес Кыргызстандан башталат, керектүү документтерди бияктан билип, ортомчуларга эмес, мыйзамдуу иштеген уюмдар аркылуу барганда гана проблема аз болот”.
Телекөпүрө бүгүнкү мигранттар күнүнө байланыштуу болгондуктан, “Замандаш” ассоциациясы ушундай мүмкүндүк түзүп берген “Спутник” агенттигине ыраазылыгын билдирет.

Категориялар Башкы кабарлар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<