«Замандаш» ассоциациясы: Биз саясаттан тышкары иштейбиз

«Замандаш» ассоциациясы: Биз саясаттан тышкары иштейбиз

“Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин “Замандаш” ассоциациясы саясый процесстерге кийлигишпөө принцибин карманат. Бул тууралуу 2018-жылдын 17-декабрында өткөн пресс-конференцияда, “Замандаштын” жаңы шайланган төрагасы Абдирасул Айдаров, ошондой эле координациялык кенештин мүчөлөрү: Руслан Эшимов, Шайырбек Стамкулов жана өнүктүрүү боюнча менеджер Лола Огонбаева билдиришти.
Абдирасул Айдаров ноябрь айынын аягында ассоциациянын мүчөлөрүнүн кезексиз жалпы жыйналышында төрага болуп шайланган. Ал ушул коомдук бирикмени түзүүнү демилге көтөрүп чыккандардын бири, 2003-жылдан бери башкармалыктын мүчөсү катары иштеп келген. Айдаровго чейин ассоциациянын төрагасы болуп, бир топ жылдан бери “Замандашты” жетектеп келген Кадырбек Бусурманкулов мындан ары – ассоциациянын ардактуу президенти.
Пресс-конференциянын катышуучулары белгилегендей, акыркы убактарда алар көптөгөн мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушуп келе жатышат. Жолугушууларда аларды жана аты окшош саясый партия менен чаташтырып алган учурлар кездешип калууда. Ушуга байланыштуу ассоциациянын жаңы төрагасы жана координациялык кеңештин мүчөлөрү коомчулукка өздөрүнүн туруктуу позициясын: “Замандаш” ассоциациясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мекендештердин эң чоң бирикмеси катары мигранттардын проблемаларына жана жетишкендиктерине негизги көңүлдү буруу менен, саясый процесстерге катышпастыгын билдирет.
– “Замандаш” ассоциациясы алгач негизделген күндөн тарта эле коомдук иштер менен, анын ичинен миграция маселелери боюнча иштерди аткарып келген. Биз мындан ары да ушундай багытты кармоону көздөйбүз. “Замандаш” саясый партиясы – өз алдынча структура. Ал эми биз ассоциация катары, жарандарыбызды кандайдыр бир саясый чечимдерди кабыл алууга чакырбайбыз, – деп билдирди Абдирасул Айдаров.
Маалымат үчүн:
«Замандаш» ассоциациясы 2003-жылдын декабрында негизделген. 15 жылдан берки иштердин натыйжасында, дүйнөнүн 52 өлкөсүндөгү мекендештердин 90дон ашык диаспоралык уюмдарын баш коштуруп келген. Ассоциация укуктук, кенеш берүүчү иштерди аткарып, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарга кайрымдуулук иштерин да көрсөтүп келет. Мындан тышкары, кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын сакталышына да чоң салым кошууда. Миграция, эмгек жана башка тиешелүү тармактарда иш алып барган бир катар мамлекеттик, эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келе жатат.
Урматтуу журналисттер, дагы башка кошумча суроо, тактоолор зарыл болсо, “Замандаш” ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаевге төмөнкү телефон аркылуу байланышсаңыздар болот: 0772 671 579.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<