“Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров 17-декабрда болуп өткөн пресс-конференцияда

“Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров 17-декабрда болуп өткөн пресс-конференцияда ассоциациянын негизги багыттары тууралуу мындайча билдирди:
– Биздин ассоциация мындан ары негизги үч багыт боюнча иш алып барууну максат кылууда. Биринчиси, мигранттардын балдарынын тагдыры. Кыргызстанда калган балдар кароосуз калбашы керек. Балдарды чала тааныш адамдарга таштап коюунун кесепетинен алар кырсыкка учураган окуялар да акыркы убактарда арбын кездеше баштады. Ал эми чет өлкөлөрдө ата-энелеринин жанында жашаган балдар болсо, өз эне тилин, каада-салтын унутпашы үчүн биз болгон аракетти жасап келебиз. “Замандаштын” бул боюнча маданий, агартуу тармагында аткарып жаткан иштери өзүнчө чоң багыт.
Экинчиден, 20-25 жылдан бери чет өлкөлөрдө иштеп, жашап келген мекендештерибиз азыр өз мекенибизге, Кыргызстанга инвестиция алып келе турган деңгээлге жетип калышты. “Замандаш” ассоциациясы мындан ары ошондой мекендештерибизге жардам көрсөтүү максатында консалтингдик кызмат көрсөтүү иштерин да баштайт.
Үчүнчүдөн, миграция маселелерин укуктук, мыйзамдык негизде чечүү максатында, бийликтин бардык бутактары менен иш алып барабыз. Жаңы мыйзам долбоорлоруна сунуштарды берип, башка өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарынын да иштешине байкоо жүргүзүп, дегеле, мыйзамдар бардык жерде бирдей иштешине аракет кылабыз. “Замандаш” ассоциациясы мурдатан бери эле бул багытта өз сунуштарын бардык деңгээлде айтып келе жатат. Атайын мамлекеттик программаны да иштеп чыгып, бийликке сунуш кылганбыз.

Категориялар Аналитика

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу