Балдар Кыргызстанга алынып келет

Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин жана КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин биргелешип иштешүүсүнүн натыйжасында, репатриациялоо иштери аткарылып жатат. Тактап айтканда, ата-энесинен айрылган балдарды (жетим балдар) Кыргызстанга кайрып алып келүү үчүн, Кыргызстандын балдарга камкордук кылуучу органдарынын жоопкер жана ыйгарым укуктуу кызматкерлери тиешелүү өлкөлөргө барып жатышат.
Ушундай ишмердиктин аркасы менен 2018-жылдын 14-декабрына чейин, КР Россиядагы элчилигинин жардамы менен жашы жете элек 7 баланын тиешелүү документтерин бүтүрүп, алып келүүгө жол ачылды. Ачык айтканда, буга чейин болгон документтердин негизинде жол жүрүүгө керектүү документтер – справкалар (вкладыш) балдардын Кыргыз Республикасынын жараны экендигин аныктаган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнө кошулуп бүткөрүлдү.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<