Миграцияны бир өлкө чече албайт

Азыркы учурда Кыргызстандын 18 жаштан 65 жашка чейинки калкынын 25 пайызы миграцияда жүрүшөт. Чет өлкөлөрдө, айрыкча Россияда иштеп жаткан мекендештердин негизги маселеси социалдык пакеттер, балдардын маселелери болуп калууда. Ар ким өз алдынча эмес, адамдар уюшуп, алдын ала даярданып алып барышса, көп көйгөй болмок эмес.
КР өкмөтүнүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орунбасары Самат Токтоболотов:
– Биздин кызматтын Россияда бир топ өкүлчүлүктөрү иштеп жатышат. Бара-бара Россиянын чоң субьектилеринин бардыгында тең биздин өкүлдөр иштей тургандай болот. Жакынкы убактарда Түркияда, Кореяда, алардан кийин Европа өлкөлөрүндө да өкүлчүлүктөр ачылат.
Азыркы учурда Россиядагы диаспоралык уюмдар менен иштешип жатабыз. Чындыгында биздин, консулдук кызматтардын колу жетпеген жерге диаспоралардын, алардын мүчөлөрүнүн колу жетет.
Азыркы учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында миграция боюнча комиссия иштеп жатат. Пенсия маселеси 5 өлкөнүн ортосунда иштелип чыгып бекитилет. Бул боюнча бирдей стандарттар 4 өлкөдө кабыл алынды, Арменияда гана кабыл алына элек.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<