“Замандаш” ассоциациясынын жетекчилиги Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилиги менен жолугушту

Жакында «Замандаш» ассоциациясынын өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамле

кеттик кызматтын төрагасы менен жолугушту. Анда Кыргызстандын миграциялык саясат тармагындагы жана биздин мекендештер жашаган өлкөлөрдөгү тиешелүү маалыматтарды алмашуу ошондой эле ушул жаатта кызматташуу талкууланды. Мындан тышкары, эмгектенип жаткан мигранттардын укуктарын коргоо, адам сатуунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү, адам сатуунун курмандыктарына айланган адамдарга ар түрдүү жардам берүү сыяктуу эмгек миграциясынын бардык маселелери боюнча өнөктөштүк мамилелерди өркүндөтүү боюнча да ой-пикирлер ортого салынды. 
“Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү, өкмөткө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилиги да, КР Президентинин “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш жөнүндөгү” жарлыкты ишке ашыруу алкагында мамлекеттик органдар менен иштиктүү иш алып баруунун зарылдыгын белгилешти.
Аталган кеңеште өнүктүрүү концепциясы жана биздин мекендештердин кеңири өкүлдөрүнүн болуусу боюнча сунуштар да айтылды.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<