Аман калганы алты адам…

Кыргызстандын 8 жараны түшүп бараткан минивэн жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

 Россиянын Пенза облусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки КР жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилиги таратты.

Билдирүүгө ылайык, каргаша 24-январь күнү болгон. Мында Toyota Alphard Нижний Новгород — Саратов жолунун 420-чакырымында жүк ташуучу ГАЗ унаасы менен кагышкан.

“Алдын-ала маалымат боюнча минивэнде Кыргызстандын 8 жараны бара жаткан. Эки киши алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген. Дагы эки адам шаардык ооруканага жеткирилип, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Айдоочу менен калган үч жүргүнчү жабыркаган эмес”, — деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик укук коргоо органдарына расмий сурам жөнөткөнүн белгилеп, иш көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Булак Sputnik.kg
Категориялар Жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<