Кыргызстанга бир жылда 7 миллион чет өлкөлүк жаран кирди

2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын аймагына 7 миллион 257 миң чет өлкөлүк кирип, 6 миллион 931 миң адам кайра чыгып кетти.Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 25-январда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, булардын ичинде туристтер, мигранттар, инвесторлор, башпаанек сурагандар жана башкалар бар.Эң көп киргендер казакстандыктар (47%), өзбекстандыктар (35%). Орусия (9%) менен Кытайдан киргендер (1%) түзүшөт. Калгандары алыскы жана жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендер.Ибраимжанов билдиргендей, 2017-жылы Кыргызстанга 4 миллион 666 миң адам кирген.

Буга чейин өкмөт атайын маалымат таратып, былтыр 10 айдын ичинде Кытайдан 35 миң жаран гана киргенин билдирген. Соңку статистика боюнча 2018-жылдын 12 айында бул сан 77 миң 332 адамды түзгөнү маалым болду.

Категориялар Жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<