Түркия: мигранттын жүгү жана бугу…

Былтыр Түркиядан Кыргызстанга он бештей “Жүк-200” жөнөтүлгөн. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Негизинен мигрант кыз-келиндер саламаттыгынын начарлыгынан каза болгон. Баарына кайыл болуп өз жанын кыйгандар да бар.

25-январда 31 жаштагы кыргызстандык келин Түркиянын Адана шаарында өзү жашаган үйдө муунуп калганы маалымдалган.

Каза болгон келин ал жакта бир үй-бүлөнүн баласын карап иштеген. Адана шаардык полициясы учурда окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул кабар Түркиядагы башка мигрант кыз-келиндер арасында чагылгандай тез тараган.

Анталия шаарында беш жылдан бери иштеп жүргөн Бактыгүл Шамуратова“мындай окуялар Түркияда адатка айланып бараткандай” деп баа берди:

– 31 жаштагы жапжаш келин экен. Ал деле жетпеген оокаттын айынан келген го деп ойлоп калдык. Балким карызга акча алган же үй салып, ата-энеме жардам берсемби деп келгендир. Жаткан жери жайлуу болсун. Соңку кезде Түркияда кыргыздар арасында өзүнө өзү кол салган фактылар көп каттала баштады. Түркияга азыр баласын бага албай, окуусун төлөй албай, оокаты өтпөй калгандар эле келип жатат. Өзгөчө “тигил иштеп үй алыптыр, бул иштеп келип машина алыптыр” деген мисалдар кыздарды миграцияга чыгууга түртөт экен. Бирок анын аркасында оор жумуш, чоң стресс жатканын эч ким ачык айтпайт.

Бактыгүл Шамуратова беш жыл мурда Түркияга келген. Элүү жаштагы эже Анталия шаарында түрк байбичени багып иштейт.

– Адеп келгенде түрк тилин билбейсиң, эч нерсе түшүнбөйсүң. Эмнеге келдим экен деген суроолор туулат. Кетип калайын деп намыстанасың. Айла жок бардык нерсеге чыдап үйрөнгөнгө аракет кылдым. Бара-бара үй оокатын, тамагын жасаганды үйрөндүм. Биз кыргыздар баш-отубуз менен кирип, жумуштун майын чыгарабыз. Ишибиз физиологиялык жактан да, психологиялык жактан да оор. Кыргызстанда бук болгондо кыйкырып аласың. Бөтөн жерде баарын ичиңе катасың. Сабыр кылып, тиштенип иштей бересиң. Мен курактуулар өзүбүздү өзүбүз тарбиялап жашайбыз. Жаштар балким чыдабай айтыша кетет. Стресстин баары ушундан чыгат го деп ойлойм.

Ал эми 46 жаштагы Анаранын Түркияга келип иштеп жатканына алты жыл болду. 2012-жылы жолдошу каза болгондон кийин төрт баласы менен жесир калган. Аталаш туугандарынын чакыруусу менен Түркиянын Анталия шаарына келген.

Анара Түркиягы алгач келгенде балдарын сагынып, экинчиден чет жерден кыйналып депрессия болгонун айтып берди.

– Түркияда жылуу жерде иштесем да Кыргызстандагы балдарым эмне жеп, эмне ичип жатканын ойлогондо жаным кейип кетчү. Азыр бул жакка жаңы келген кыздар да санаадан улам депрессия болот деп ойлойм. Жаш балдарын таштап келген кыз-келиндер бар. Кыргызстандагыдай той-топур, ыр-күлкү жок. Күнү-түнү иштейбиз. Ал арада үйдөгүлөрдү ойлоп башыбыз ооруйт. Мээге күч келип, чыңалат. Ишибиз чынында эле оор. Тааныбаган эле кишини “ата-апа” деп айтуу өтө кыйын. Кары кишилердин кыялы чатак болсо, өзүн багып жаткан кыз-келинди кошо кыйнайт. Кээ бир кыздар кары кишилер таяк менен чаап, сөккөнүн айтып калышат. Мындай мамилени күндө көрө берсе стресс болот да. Кыргызстандагы ата-энесин, балдарын, күйөөсүн ойлоп чайналат. Айрымдары айлыгын убагында ала албай кыйналат.

​Анталия шаарындагы “Айымдар коому” бир жыл мурда мигрант кыз- келиндерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Бирок анда мигранттарга ар кандай кырдаалда жардам көрсөткөн атайын психолог жок.

Бул милдетти учурда чет жерде тиш кагып калган, Түркияда көп жыл иштеген эже-агайлар аткарып келет.

– Мигрант жаны кейип, кыйналып турганын үй ээсине ачык айта албайт. Кыргызда психологго баруу деген жок да. Барган күндө да Түркияда психологдун кызматы өтө кымбат. Акчасы болсо да түркчө эркин сүйлөп, арыз-муңун ачык айта албайт. Ошондуктан биз “Айымдар коомунда” чогулуп, бир чыны чай ичсек да бугубузду чыгара сүйлөшүп, маселебизди чечкенге аракет кылалы дегенбиз. Анткени аялдар муңун ичине ката берип өзүнө кол салат экен да. Жок дегенде бир-эки саат сүйлөшүп, чер жазсак жеңилдеп калабызбы деген үмүт бар, – деди Бактыгүл Шамуратова.

Анталиядагы “Айымдар коомунун” жетекчиси Периза Асаналиева мигрант кыз-келиндер арасындагы суициддин көбөйүшүнө Кыргызстандагы туугандардын үстөмдүгү да себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

– “Акча сал, акча сал” деп кыйнашат. “Тигинин кызы Түркияга кетип эки айда үй алды, машина алды” деп наалышат. Мен ата-энелерге кайрылат элем, чет жерде иштеп жүргөн жаш кыздарды тоорубагыла! Андан көрө ошол чет жерде иштеген ишин, ден соолугун, ой толгоосун сурагылачы. Сөз менен болсо дагы колдоо кылып, мигрантка жөлөк болгонун сездирсе дейм. Ансыз деле бир ай иштеп тапкан акчасын тыйынына чейин Кыргызстанга жөнөтүп жатышат.

Түркиядагы эмгек мигранттарынын санынын көбөйүшү бул өлкөдө жашап, окуп жаткан студенттерди дагы ойлондурбай койбойт.

Алардын бири Элмурат Кочкор уулу Түркиянын Эржийес университетинде Дин философиясы бөлүмүнүн докторанты.

Элмурат өзүнө кайрылган ар бир эмгек мигрантына жардамын аябай, котормочулук жардамын көрсөтүп келет.

Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу

– Жакында эле Анкара шаарында бир кыргыз эженин буту сынып ооруканага барып калдым. “Эже эмне болуп кокустап калдыңыз” деп сурадым. Ал “Түз эле жерде баратып, ток тарткандай болду. Ошондон жыгылып кеттим” дейт. Көрсө буту эки жеринен сыныптыр. “Жумуштарыңыз кандай” деп сурап калып, эженин проблемасы көп экенин уктум. Көрсө ойлонуп, кыйналып баратып жыгылып кеткенин деле байкабай калыптыр. Карасаңыз эми, мигранттар кандай оор стресс, моралдык жүк менен басып жүрүшөт. Ошол стресс көп ооруну козгойт экен. Ооруканадагы эже сакайып чыкты бирок дагы деле моралдык абалы жакшы эмес. Аны мындан ары алгылыктуу иштеп кетет деп ишене албайм. Биздин жаштар Орусия менен Түркияны окшоштуруп жаңылышат. Орусия менен Түркиянын экономикалык абалы эки башка. Орусия социализмди көрүп калган өлкө, адамдары бир аз гумандуу деп ойлойм. Орусияда балким иштесең тиштейсиң, бирок Түркияда “катуу” иштесең гана тиштейсиң.

Түркияда мамлекеттик деңгээлде мигранттардын психикалык саламаттыгын колдогон долбоорлор өтө аз. Айрым чоң шаарлардагы мамлекеттик ооруканаларда чет өлкөлүктөрдүн психологиясын изилдеген бөлүмдөр бар, бирок чет тилин билген психологдор чанда кездешет. Ал эми жеке менчик психологдордун бир жолку кабыл алуусу 50 доллардын тегерегинде.

2018-жылы Түркияда отуз миңге жакын кыргызстандык катталган. Кыз-келиндер көбүнчө тейлөө кызматтарында, бала багып же кары картаңдарга каралашып иштешет. Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, жыл сайын орто эсеп менен 15тей “Жүк-200” Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Булак “Азаттык”
Категориялар Аналитика, Жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<