Миграциядагы мекендештердин шайлоо укуктарын талкуулашты

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, анын орунбасары Акылбек Эшимов “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, ассоциациянын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов, ассоциациянын башкармалыгынын мүчөлөрү Лола Огонбаева жана Азамат Айтбаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда чет өлкөлөрдө миграцияда жүрүшкөн мекендештерибиздин шайлоо укуктары жөнүндөгү маселе талкууланды. БШК төрайымынын айтуусунда, калктын эки катмары – мигранттар жана жаштар шайлоо процессине жакшы катышпай келишүүдө. Чет өлкөлөрдө эмгектенип жатышкан мигрант мекендештер буга чейин консулдук каттоого турса гана шайлоого катышууга укуктуу болуп келишкен.

Кыргызстанда шайлоолор өткөн учурларда шайлоо участоктору элчиликтердин жана консулдуктардын аймагына гана ачылып келген. Ушул жагдай, шайлоо өткөн күнү мигранттардын бардыгы тең шайлоого катышуусуна мүмкүндүк берген эмес. Себеби, элчиликтен алыс же консулдук жок шаарларда жашаган мигранттардын бардыгы шайлоо өткөн күнү шайлоо участокторуна келе алышпайт.

Мындан ары шайлоо участокторун кыргызстандык мигранттар жыш жайгашкан аймактарда да ачуу, мигранттарды консулдукка каттоону электрондук жол менен жүргүзүү маселелерин чечүү жагы ушул жолугушууда айтылды. Бул боюнча “Замандаш” ассоциациясы өз сунуштарын бере турган болду.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<