Москвада баар тапкан кыргыз ишкерлер

Москвадагы кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, азыноолак акчасын жеке ишкердикке жумшагандар бар.

Суусамыр менен Алайдын кымызы. Өзгөндүн күрүчү. Жети облустан келген балдын түрү, эт-чучук, улуттук суусундуктар жана башка азыктар.

Москванын Волгоградский проспект метросундагы «Халял маркет» же «Адал дүкөндө» дал ушул азыктар сатылат.

Нурбек Аширбаев
Нурбек Аширбаев

“Такси айдап эле жүргөнгө болбой калды”

Дүкөн иштеткен Нурбек Аширбаев 17 жыл ичинде куруучу болгон, жүк ташып, такси айдап да көргөн. Анан азыноолак акча топтоп, эки досу менен чогуу иш баштаган.

– Эки досум көптөн бери базарда эт менен иштеп жүргөн. Анан ушул дүкөндү ачып, кыргыз товарларын сатууну чечтик. Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр менен WhatsАpp, Skype аркылуу эле байланышып, алар товарларын жөнөтүп жатат. “Тан”, “Шоро” суусундуктары, минералдык суу, чучук, кыямдын түрү келип жатат. Дүкөндүн аты айтып тургандай бизде мусулмандар жеген азык-түлүктөр эле сатылат. Этти азырынча Татарстандан алып жатабыз.

Дүкөн Москванын түштүк-чыгышындагы өндүрүштүк аймакта жайгашкандыктан анча белгилүү эмес.

Бирок Нурбек мекендин азыгын сагынгандар бири-биринен угуп эле издеп келишерин айтып, бара-бара кардарлар көбөйөт деген үмүттө.

– Дүкөн ачууга 300 миң рубль каражат салдык. Соода акырындан жүрүп жатат. Адамдар кеч курун, иштен кийин келет. Күнүнө 30-40тай адам соода кылып жатат. Жергиликтүү орустар деле кирип, кызыгып калышат. Кыргыздардын товарларын өткөрүү үчүн эми мындай дүкөндөрдү көбөйтүү гана керек.

Москвадагы «Халял маркет»
Москвадагы «Халял маркет»

​Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине быйыл төртүнчү жылга аяк басты. Башында 180 миллион эли бар орус базары кыргызстандыктар үчүн эшигин кенен ачары убада кылынганы менен кыргыз ишкерлери өндүргөн товарлар чек арадан өтө албай, ал тургай кайра арткакайтарылууда.

Мындай шартта айрым мекендештер кыргыз товарларын алып келүүнүн жолун таап, көп учурда товар эмес, бирөөнүн жүгү катары автобус, поезд же жүк ташыгандардан алдыртып, сатыкка чыгарып келет.

Бул «Халял маркет» Москвада кыргызстандыктар иштеткен төртүнчү дүкөн. Миң түркүн буюм сатылган кийинки дүкөндүн ээси да ата мекендик тикмечилерди колдоп келет.

“Ишкердикти үч миң рубль менен баштагам”

«Ишкердикке башкы салым – убакыт менен мээнет» дейт бир топ жыл мурда Баткенден Москвага кадимки мигрант болуп келип, тиричилик буюмдарын саткан дүкөндүн 34 жаштагы ээси Мундузбек Табалдиев.

Мундузбек Таабалдиев
Мундузбек Таабалдиев

Каарманыбыз чет жерде көчүп-конуп иштеп жүргөн мигрантка керектүү нерселерди чоң базарлардан дүңүнөн сатып алып, кардарларга үйүнө чейин жеткирип берет. Мындай кызматты ал эки жыл мурда уюштурган.

– Москвада жүргөнүмө көп болду. Метродо ары-бери жүрүп, павильондо байпак саткан кыргыз эже менен сүйлөшүп калчумун. Ал «бүгүн 50-100 миң рублга соода кылдым» деп айтканын көп уктум. Анан ошол эжеден 3 миң рублга товар алып, Арбатский метро станциясында үч айдай байпак саттым. Ага чейин «Спортмастер» деген дүкөндө иштеп калгам. Анан досум менен бирге иш баштап, ал оңунан чыкпай калып, ары-бери басып эле жүрчүмүн. Соодага киришкенден кийин эл ичинде жүрүп, элге эмне керек экенин байкайт экенсиң. Азыр айына жок дегенде Москвада орточо элүүдөй матрац сатам. Матрац, жууркан, манты казан, казан өтүмдүү товар. Дүкөндө андан башка деле товардын түрү толтура. Баасы кыйла арзан. Мурун Интернет аркылуу жарнама кылып, заказ түшсө, өзүм батирлерине чейин жеткирип барчумун. Дүкөндү ачканыбызга эки жыл болду. Эки-үч курьер жалдагам. Күнүүнү 20дай кардарга товарын жеткиребиз. Мекендештердин көбү күндүз иштейт. Дүкөн кыдырганга убактысы жок. Күнүмдүк турмушка керектүү нерсени кечинде таппай калышат.

Орусияда жалданып иштеп жүрүп, акча табуунун жолун өздөштүргөн, чакан ишкердикке ык алган каарман «идея табыш оңой эле» дегендердин бири. Башкысы, «бирөөгө иштегенди каалабасаң, өзүң үчүн эки-үч эселеп иштөөгө даяр болушуң керек», – дейт ал.

Миң түркүн кыргыз дүкөнү
Миң түркүн кыргыз дүкөнү

Мундузбек Москвада бир гана алып-сатуу менен алектенбестен, Кыргызстанда жасалган товарларды да орус калаасында жайылтуу аракетинде.

– Кыргызстандан азыкүлүк, жуурканөшөктөр келет. «Карго» кызматы аркылуу бир килограммына 20 сомдон төлөйбүз. Бишкекте байланыштарыбыз бар. Алар да жөнөтөт. Биз, албетте, бул жактан кымбатыраак сатабыз. Ижара акы, жумушчулардын айлыгы чыгып, өзүбүзгө пайда түшүшү керек. Бирок, Кыргызстандагы элге да пайдасы тиет. Алар жасаган нерсесин бизге салып жиберип жатат. Биздики эми чакан эле иш. Чоң масштаб үчүн соода алакасы мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек. Бул деле жакшы нерсе. Акырындык менен эл көнөт. Бирок тажиктерди карасаңыз. Алар чакан дүкөндөрдү ачып, кургатылган жемиштерди сатып жатып, Москваны алып коюшкан. Эч кимди бул тармакка киргизишпейт.

Сооданы эки жыл мурда 3 миң рубль менен баштаган мекендеш биз сүйлөшкөн жарым саатта эле бир үй-бүлөгө төшөнчөсү менен курама бешик, бирине курут, кийинкисине эки чемодан, дагы эки адамга казан сатууга үлгүрдү.

“Мекендештерге түнөк жай берем”

Ош облусундагы Мады айылынан «жакшы жашоо» издеп, он жыл мурун келген 34 жаштагы Жоодарбек Төрөбеков Москвада мекендештер үчүн хостел иштетет. Чоң шаарда ар түрдүү кырдаалга туш болуп, бир күндүк түнөк таппай калгандар үчүн бул жатакананын акысы арзан.

Жоодарбек Төрөбеков
Жоодарбек Төрөбеков

​Орус калаасында үйлөнүп-жайланып, очор-бачарлуу болуп калган мекендеш топтогон акчасын бул ишке жети өлчөп, бир кесип анан салган экен.

– Ойлонуштуруп көрсөк, биздин жердештерге ушундай жатакана жетишпейт экен. Кыргызстандан келип кеткендер бар, бул жакта батир тапкыча убактылуу жай издегендер жолугат, ар кандай акыбалга дуушар болуп, түнөп кеткен жерге муктаж болуп калгандар болот. Буга кошумча, жатаканада жашагандарды акысыз миграциялык каттоого коебуз. Жатакана Москванын борборунан четте болгондуктан, ижарасы акысы анча кымбат эмес. Бул өзү бош, каралбай калган жай болчу. Бир миллион рублдан ашык акча салдык. Өзүбүз оңдоп-түзөп, бөлмөлөргө бөлүп, жасап чыктык.

Волгоградский проспект метросунда жайгашкан «Мари» хостели азырынча эркек кишилер үчүн иштеп жатат. Ага жүк ташып, узак жолдо жүргөндөр, жакынкы соода түйүнүндө иштегендер менен таксисттер токтошот. Эми Жоодарбек мекендештердин суроо-талабына жараша үй-бүлөлүү адамдарга, аялдарга да атайын орундарды түзүү аракетинде.

Жатаканада жалпысынан 160 орундук 20 бөлмө бар. Бир айлык акысы – 5400 рубль, күнүнө -180 рубль.

Жатакананын ашканасында
Жатакананын ашканасында

​Көбүнчө келгиндер топтолгон жатаканада коопсуздук маселеси тыкыр көзөмөлгө алынат. ​Жоодарбектин айтымында, Орусиянын Коопсуздук кызматтарынан, ИИМден атайын уруксат кагаздары алынып видеокөзөмөл орнотулган.

Чет жерде мигранттык турмуштун ысык-суугун баштан өткөргөн ишкер жердештерге кол сунуудан да баш тартпайт:

– Жакында эле Москвага ортомчу ишкана аркылуу келип, «эмгек кулчулугуна кабылдык» деген мекендештерибизге жардам болсун деп, аларды ушул жерге жайгаштырдык.

Кошумчалай кетсек, өткөн декабрь айында Бишкектен ортомчулар аркылуу Москванын четиндеги LG компаниясына ишке жөнөтүлгөн 22 кыргызстандык иш таштаган. Алар кыргыз коомчулугунун жардамы менен иш тапканга чейин ушул жерде жашап турушкан экен.

«Мари» хостели
«Мари» хостели

“Москваны тамшантуу кыйын…”

300-400дөй миңдей кыргызстандыкты коюнуна батырган Москвада кыргыздардын элүүдөй ашкана жана чайханасы бар. Керели-кечке иште жүрүп, кечкисин чакан батирге түнөш үчүн гана кайткан мекендештердин көбүнө мындай ашкана-чайханалар тааныш-тууган, жердештер менен жолугуп, сүйлөшүп, чер жазуучу жай болуп калган.

Орус калаасында имаратты ижарага алып, жумушчу жалдап, кафе иштетүү деле оңой түйшүк эмес. Москванын өзүндө кафенин миң түрү турганда атаандаштыкка туруштук берүү чеберчиликти талап кылат.

"Аль-Баракат" кафеси
“Аль-Баракат” кафеси

Алардын ичинде Анзират Тасмаеванын ашканасы майда мантысы менен элге белгилүү. Тамактын Москвада кездешпеген түрүн сунуштоо менен ишкер айым кафеге кардар тартат.

– Өзүм жалалабаддык болгонум менен, атамдын кызматына байланыштуу Ошто төрөлүп-өскөм. Ошол майда манты менен эле чоңойгонбуз. Москвага келгениме беш жыл болуп калды. Быйыл Кыргызстанга биротоло кеткем. Анан Бишкек, Ошто жүрүп, ушул майда манты менен элди тартса болот турбайбы деп чечтим. Москвага кайтып келип, ушул жайды алып, ишке кириштим. Бишкекте деле, Москвада деле адамдарды бир нерсе менен кызыктыруу кыйын. Тамактар «дүжүр». Анан ашкана ачып алсак, конокторду туруктуу чакыра албайбыз, башка жерде болбогон бир даам киргизиш керек деп чечтик. Нокот шорпобуз да бар. Аны да Ошто бала кезде ичип жүргөнбүз.

Москвалык мекендештерди тамшандырып, издеттирип келген майда мантынын жасалышы эң жөнөкөй, арзан дагы.

– Майда мантыны таластык эжелерге үйрөтүп койдум. Таластыктар камырды үлпүлдөтүп жакшы жаят эмеспи. Өзүм сапатын карап турам. Муну жасоо колду кармайт, майда иш. Бирок туз, суу, картошка, камыр менен гана жасалат. Өтө арзанга түшөт. Бир порциясы 100 рубль турат. Аял кишиге бир порция жетет. Эркек киши эки-үч порция же жарым килограмм алса болот.

Анзират Тасмаева
Анзират Тасмаева

Москвага беш жыл мурда көр тириликтин айынан келген Анзират адегенде кафеде жалданып иштеген. Эми алты мекендешти иш менен камсыз кылат.

– Москвага биринчи келгенимде москвалыктардын «Тодасе» кафесинде идиш жууп иштегем. Ашкана сырын бат эле түшүндүм. Өзүмдүн агамдын кафеси бар болчу. Жаш кезде кирип-чыгып, идиш-аягын жууп, карап жүрчүмүн. Кийин ашпозчулукка окуп алгам. Ошол себептүү бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Негизи айлык менен көпкө иштей албайм. Өзүңө өзүң иштегенде гана мээнетиң берекелүү болот деп ойлойм.

“Кыргыз эли той-топурга жакын, чогулуп алып тамактанганды жакшы көрөт” деген мекендеш конокторду өзү тосуп, ашкананы да өзү башкарат.

– Кыргыздар чогулуп алып, аш үстүндө отурганды жакшы көрөбүз. Жердешчилик күчтүү да. Колдоо көрсөтүп, тынбай келип жатышат.

Өзүнүн колунан келген нерсени өрчүтүп, жоктон бар кылып, ашкана иштетип жаткан ашпозчу мекендештердин колдоосуна ыраазы.

“Кинотеатр ачкыча куруучу айым болуп кала жаздадым”

Кийинки мекендешибиз Венера Токторова Москвада өнөктөштөрү менен бирге «Манас» кинотеатрын иштетет. Бул жерде мекендештер кыргыз киносундагы жаңылыктар менен таанышып, коомдук маданий иш-чаралар өтүп турат. ​

Венера Токторова, "Манас" кинотеатры
Венера Токторова, “Манас” кинотеатры

– 85 орундук залыбыз бар. Ачылгандан бери Кыргызстанда чыккан кинотасмалардын баарын көрсөтүп жатабыз. Продюссер, режиссерлор байланышка чыгып, өздөрү да сунуштап жатат. Бишкектен актерлорду конокко чакырып, Москвадагы эл менен жолугушууларды уюштурдук. Мекенди сагынган кыргызстандыктар келип, ыраазычылык билдирип жатышат. Андан тышкары былтыр залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Москвадагы коомдук уюмдардын иш-чараларын өткөрүп бердик. Айылдык, облустук коомдор чогулуштарын өткөрдү. Айрым иш-чараларды акысыз да уюштурдук. Бул биз үчүн сыймык.

Чакан да болсо Москвада кинотеатр ачуу оңойго турган эмес. Үч бизнес өнөктөш кинозалдан тышкары конокторго чай-кофе сунуштаган фойе менен чакан мейманкана да ачып коюшкан.

– Бош, көптөн бери каралбай калган имаратты ижарага алганбыз. Жок жерден аны кинотеатрга айланттык. Оңдоп-түзөө иштерине үч ай кетти. Аял болгонума карабастан, курулушту жакшы эле түшүнүп калдым окшойт. Өзүбүз тазалап, сырдап, баарын жасадык. Жалпысынан 5 миллиондой акча короттук. Азыр «шүгүр», ишибиз жүрүп жатат. Кыргызстандан Москвага иш менен убактылуу, тойго келгендерди да мейманканабызда тосуп жатабыз.

Венера Токторова өзү Орусияга он жыл мурда келген. Биринчи жылдары кары-картаңдарды багып, дүкөндө сатуучу, кийин сулуулук салондорунда администратор болуп иштеген. Мурдатан ишкердик кылууну эңсеген мекендеш бирөө менен чогуу иш баштаганда «өнөктөшүңө өзүңдөй ишенүү керек» деп кеңеш берди.

– Өзүм жалгыз боймун. Алгач иш баштаганда «акчамды бизнеске салып, банкрот болуп, кызым менен ачка каламбы» деп кыжалат болуп жүрчүмүн. Былтыр бизнес өнөктөшүм Азамат Абылгазиев «кинотеатр ачалы» деп сунуш киргизгенде дароо макул болдум. Азыр үчөөбүз бирге иштеп жатабыз. Алар ишеничтүү болгондуктан, иш шыр кетти. Албетте, бир жерде айлык күтүп отургандан көрө өзүңө иштесең, ишеним, дем-күч пайда болот экен.

Соңку жылдары Орусияда иштеген кыргызстандыктар арасында жалданып иштөөдөн баш тартып, өз алдынча жеке ишкердикке, өнөктөштүккө умтулуп, тапкан акчасын максаттуу колдонууга аракет кылган мекендештердин жаңы толкуну пайда болду.

Булак   “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<