Машинадагы өлтүрүлгөн адамдар кыргызстандык, өзбекистандыктар болушкан

Ушул жылдын январь айынын баш жагында Россиянын Магнитогорск шаарындагы турак үйдө жарылуу болгон. Турак үй жарылуудан бир күн мурда ушул үй жайгашкан Карл Маркс көчөсүндө “Газель” маркасындагы автомашина өрттөнүп, жарылып кеткен. Анын ичиндеги адамдар өлгөн. Экспертизанын жыйынтыктарына караганда, машиненин ичиндеги адамдар жарылуудан мурда эле атылып өлтүрүлгөн. Алар Өзбекистан менен Кыргызстандын жарандары – Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитов болушкан. News.ru маалымат булагынын билдирүүсүнө караганда, турак үй менен машиненин жардырылышында байланыш жок.

Турак үйдүн жардырылышына айыпталып, кыргызстандык жаран Хуснидин Зайнабидинов кармалганы да белгилүү.

Маалыматтын түпнускасы: https://news.ru/proisshestviya/pogibshie-v-marshrutke-v-magnitogorske-byli-zastreleny/

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<