Чыңгыздын жаза мөөнөтү кыскарды

Бүгүн бир катар маалымат булактары былтыр Москвада жети адамды машинасы менен койдуруп кеткен таксист Чыңгыз Анарбек уулунун айып мөөнөтү кыскарганын жазып чыгышты.

Эске сала кетсек, былтыр Москвада футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жаткан убакта, так айтканда 16-июнда Москвада такси айдап иштеген Чыңгыз Анарбек уулу жети туристти койдуруп кетип, тигилер жеңил жаракат алышкан. Москванын Тверь соту такси айдаган кыргызстандык жигитти бир жыл алты ай мажбурлап иштетүү жана 500 миң рубль айып пул төлөө чечимин чыгарган.

Чыңгыз Анарбек уулу ошондон кийин Смоленск шаарындагы түзөтүү борборуна жөнөтүлгөн. Андан бери бир топ убакыт өтүп, Чыңгыз Смоленск облустук сотуна шарттуу жаза мөөнөтүн кыскартууну суранып кайрылган. Бүгүн, 8-февралда Смоленск облсоту Чыңгыз Анарбек уулунун кайрылуусу менен макул экендигин билдирди. Соттун чечими 19-февралдан тарта күчүнө кирмекчи.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<