Депутат “жүк 200” үчүн төлөмдү 100 миң сомго көтөрүүнү сунуштады

Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн өкмөт төлөп берип жаткан 50 миң сом чыгымдарды каптабай жатат. Мындан улам төлөмдү эки эсеге көтөрүүнү депутат Кубанычбек Нурматов сунуштады.

Эл өкүлү жүк-200 үчүн төлөмдү жогорулатуу сунушу мигранттардан жана диаспоралардан түшкөнүн айтат.

“Жаңы жылдан бери 35 күндө эле Орусиядан 19 мекендешибиздин сөөгү келди. Жүк-200дү бул жакка алып келүү чыгымы 80-120 миң сомго жетет экен. Сөөктү орусиялык компаниялар түнкү рейстерде гана 37-50 миң рублга алышат, а кыргызстандык авиакомпаниялар сөөктү алышпайт”, – дейт Нурматов.

Анын айтымында өкмөт акчаны сөөк келгенден кийин Кыргызстандан төлөп берет. Ал эми чыгымдын көбү Орусияда документтерди даярдаганга сарпталат.

“Жүк-200 үчүн төлөмдү 100 миң сомго көтөрөлү. Анан акчаны элчиликтерге бөлүп, алар дароо бергидей тартип киргизүү керек”,  -дейт депутат. 

Былтыркы жылдын октябрь айынан кыргызстандык авиакомпаниялар жүк-200дү акысыз негизде ташый турганы айтылган эле.

Жүк-200 үчүн 50 миң сом төлөп берүү боюнча токтом 2018-жылдын жазында кабыл алынган. Жыл сайын 300-400 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинет.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<