Өрткө кабылган кичинекей кыздар аман-эсен

Бүгүн россиялык жана жергиликтүү бир  топ маалымат булактары өрттөн эки кичинекей кыздын куткарылып калганын жазып чыгышты. Окуя мындан эки күн мурда болгон.

6-февралда Москва шаарындагы “Солнцево” электропоезддеринин станциясында жайгашкан курулуш будкасынан өрт чыгып, эки кичинекей кыздын денеси күйгөн. “Москва” маалымат агенттигинин өздүк булагына таянып жазганына караганда, кыздардын бири 7 айлык болсо, экинчиси 3 жашта. Кыздардын энеси кыргызстандык 30 жаштагы келин болгон.

Өрттү ошол жерде иштеп жатышкан жумушчулар байкап калып, эки наристени да алар куткарып калышкан. Бирок өрттүн кесепетинен 7 айлык кыздын бети жана колу күйсө, 3 жаштагы кыздын да бети, кулагы жана колу күйүп калган. Экөө тең ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Орусиянын Тергөө кызматы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам чыккан.

Учурда бул окуяны Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери териштирип жатышканы да белгилүү болду.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<