Орусияга жөнөгөн тажикстандык мигранттар азайды

2018-жылы Орусияга иштегени жөнөгөн тажикстандыктар андан мурдагы жылга салыштырмалуу 1% азайды. Бул тууралуу Тажикстандын эмгек, миграция жана жумуштуулук министри Эмин Сангинзода билдирди. Ал эми акыркы беш жылда жумуш издеп чет өлкөгө жөнөгөндөр 39,5% азайган.

– 2018-жылы миграциялык карточканын негизинде 484 миң 176 эмгек мигранты чет өлкөгө чыккан. Алардын 86,7% эркектер, – деди министр.

Четке жөнөгөндөрдүн дээрлик баары Орусияга барышкан. Орус бийлигинин маалыматына караганда, азыр анын аймагында 15 млн. мигрант жашайт. Алардын 4 миллиондон ашууну Өзбекстандын, 2 миллиону Тажикстандын, 1,8 миллиону Украинанын, 1,5 миллиону Кытайдын жарандары.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин эсебинде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 900 миңдин тегерегинде. Мындан тышкары, Армения, Азербайжан жана Молдованын жарандары басымдуулук кылат.

Булак  Азаттык

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<