«Замандаш» ассоциациясы: Камсыздандыруу ыктыярдуу болушу зарыл

Бир топ убакыттан бери коомчулукка мигранттардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу боюнча толук иштелбеген, такталбаган, мигранттарды дүрбөлөңгө салган маалымат таркатылып келди.

Ушуга байланыштуу «Замандаш» ассоциациясы мындай демилгеге өз позициясын ачык жарыялады: биринчиден, эгер камсыздандыруу милдеттүү болсо, алыска үй-бүлө, жакындарынын материалдык абалын оңдоо үчүн кетип жаткан мигранттарга эле эмес, окууга, дарыланууга, командировкаларга, мейманга жана башка себептер менен сыртка жылыга чыгуучу 1 миллиондон ашык жарандарга дагы бир финансылык оорчулук түшөт. 300 сом кандай негизде эсептелип чыкканы күмөндүү, бул иш кимдир бирөөлөрдүн бизнес-схемасы болуп калышы толук ыктымал.

Экинчиден, жарандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандырууга мажбурлоо жолу менен гана чет өлкөлөргө чыгуусуна жол берүү – Кыргыз Республикасынын Башмыйзамына, БУУнун адам укуктары боюнча декларациясына каршы келет. Камсыздандыруу маселесин ыктыярдуу жол менен чечүүнү, мигранттардын үй-бүлөлөрү жоготууга кабылган учурда компенсациянын суммасын көбөйтүүнү кыргыз бийлигине сунуш кылды.

Ал эми КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматы буга байланыштуу төмөнкүдөй маалыматты расмий билдирди: «Милдеттүү түрдө камсыздандыруу КР жарандарынын өлкөдөн сыртка чыгуусун чектейт, бул КР Башмыйзамына карама-каршы келет. Мындан сырткары КР Жарандык кодекси боюнча, жарандарга өмүрүн же ден соолугун милдеттүү камсыздандыруу милдети жүктөлбөйт».

Ушуга байланыштуу, «Замандаш» саясый партиясынын милдеттүү камсыздандыруу боюнча чет өлкөлөрдөгү кол топтоолоруна, чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир иш-чараларына «Замандаш» ассоциациясынын эч кандай тиешеси жок экендигин баса белгилейбиз.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<