Кыргызстанда дайыны билинбеген 117 адам издөөдө

Бүгүн, 15-февралда “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров, ассоциациянын менеджери Лола Огонбаева Кыргызстандагы Улуттук Кызыл Ай коомунун башкы директорунун орунбасары Сабина Ибраимова, үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү долбоорунун координатору Салтанат Абдыжапарова менен жолугушту. Адегенде ушу мезгилге чейин Улуттук Кызыл Ай коому менен активдүү иштешип келген “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапановго уюмдун атайын медалы тапшырылды.

Улуттук Кызыл Ай коому үй-бүлөлөрүнөн ар кандай себептер менен ажырап, кабарсыз кеткен адамдарга эл аралык издөө салып таап берүү иштерин жүргүзөт. Кабарсыз кеткен адам согуш жана куралдуу коогалаңдардын, табигый кырсыктардын жана миграциянын айынан дайынсыз кетиши мүмкүн. Дүйнөнүн 194 мамлекетинде Кызыл Ай коомдору иштейт. Кыргызстандагы Улуттук Кызыл Ай коому 2018-жылы дайынсыз кеткен 8 адамды үй-бүлөсүнө таап берген. Ушу тапта 117 адам дагы издөөдө. Мындайлар көбүнесе балдарын таштап миграцияга кеткен ата же эне, ата-энесин таштап коюп кетип дайынсыз балдар болушат.

Дайынсыз кеткендерди издөө иштери Россияда, Казакстанда жакшы жолго коюлган. Былтыркы жылы аталган уюм Италияда жашап иштеп, окуп жатышкан кыргызстандыктар менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Улуттук Кызыл Ай коому эми Түркияга кетип дайынсыз болгон кыргыз жарандарын издөө иштерине активдүү киришээрин, бул үчүн ал жактагы кыргыз диаспораларынын көмөгүнө таянаарын билдирди.

Ал эми “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров Улуттук Кызыл Ай коому менен бир нече жылдардан бери иштешип келгенин, мындан ары да тыгыз иш алып баруу үчүн меморандумга кол коюуну, ассоциация миграция боюнча 2003-жылдан бери активдүү иштеп келе жатканын, Россиянын 68 шаарында, Казакстандын 11 шаарында жана алыскы чет өлкөлөрдө 28 диаспоралык уюмдар мекендештердин бардык көйгөйлөрүн чечүү үчүн түзүлүп иштеп келе жатышканын айтып берди.

Жогоруда аталган уюмдун жетекчисинин орунбасары Сабина Ибраимова мындан ары жоголгон адамдарды бирге издөө үчүн диаспоралар менен байланыша тургандыктарын, буга “Замандаш” жардам берсе жакшы болмогун билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, чет өлкөлөргө чыгып жатышкан мекендештер эгер башына иш түшсө, элчиликтерге, консулдуктарга эле эмес, ошол мамлекеттердеги Кызыл Ай коомдоруна да кайрылышса жардамсыз калбасы белгилүү болду.

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу