Кыргызстандык мигрант кыз. “Айка” тасмасы Бишкекте көрсөтүлө баштады

Режиссёр Сергей Дворцевойдун кыргызстандык мигрант тууралуу тарткан “Айка” тасмасы Бишкекте чоң экранда көрсөтүлө баштады.

Каалоочулар тасманы “Ала-Тоо” кинотеатрынан көрө алышат.

“Айканын” дүйнөлүк бет ачары былтыр Канн кинофестивалында болгон.

“Айка” тасмасы Москвада мыйзамсыз иштеген кыргызстандык жаш эмигрант кыздын жашоосун баяндайт. Өзү каалабай боюна бүтүп калган соң ал баласын төрөт үйүнө таштап коёт. Убакыттын өтүшү менен энелик сезимдер ойгонуп, Айка баласын издеп баштайт.

Фильм бир нече эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды алган.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу