Мекен үчүн бир бололу, замандаш!

Үзүлбөгөн үмүт…

Назгул бир кезде Казакстандын Тараз шаарына турмушка чыккан кызыныкына барып, ошол бойдон кала берген. Жанында совет доорундагы паспорту бар эле. Жээн неберелерин багып, анча-мынча иштеп, бирок полиция кызматкерлерине жолуккандан качып жүрчү. Өз жери Таласка кантип кетем деп, бирок кете албай жүрчү… Бир жолу кайсы бир жакка баратып, паспортун да жоготуп алган. Телефон аркылуу Мира, Гүлнара курбулары менен кабарлашып турчу. Назгүл өз жерине кайтып барууга ким жардам бере алаарын ушу курбулары аркылуу сураштырып билген…

Айтор, ар тараптуу жардамдын аркасы менен Назгүл эки күн мурда өз жерине, Кыргызстанга кайтып келди. Узак убакыт бою башка жерде жүргөн Назгүл Талас облусундагы Чоң-Капка чек ара постунан биринчи жолу туугандары, жакындары менен көрүштү.

Эми Назгүлдүн тагдырына кайдыгер карабаган адамдар тууралуу айта кетели.

Мира, Гүлнара, Назгүлдүн курбулары:

– Назгүл бизге кайрылып, үйгө кантип кайтсам деп, документтерди алууда жардам сурады. Биз анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн таптык, бирок андан ары ким жардамдаша аларын билбедик. Анан Талас облусундагы Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлү Чыңгыз Султановго кайрылдык. Ал Назгүлдүн өз жерине кайтып келишине жардам берди. Эми минтип Назгүл менен көрүшүп жатабыз. 

Чынгыз Султанов, КР Улуттук Кызыл Ай коомунун Талас облусу боюнча Үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү программасынын ассистенти: 

– Назгүлгө жардам берүү боюнча мага кайрылышканда, жаңы эле ушул долбоордо иштөөнү баштагам. Окуянын чоо-жайын толук билген соң, бул маалыматты биздин өнөктөшүбүзгө, Астанадагы кыргыз диаспорасына жөнөттүм, Алматыдагы Кыргызстандын башкы консулдугу менен байланыштым. Бир жуманын ичинде документтерди бүтүрүп алуу үчүн, Назгүлдү, анын эки жердешинин Алматыдагы башкы консулдукка келишине жол ачып бердик.

Атай Ибраев, КР Улуттук Кызыл Ай коомунун Үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү программасынын координаторунун ассистенти:  

– Биздин ишибизде мындай окуялар көп эле болот. Турмуштук ар кандай татаал кырдаалга туш болуп калган Кыргызстандын жарандарына жардам берип келебиз. Бул окуянын татаалдыгы, Назгүл Кыргызстандын жаранынын паспорту менен эмес, советтик паспорт менен башка мамлекетке чыгып кеткендигинде болду.

Кыргыз Республикасынын Алматыдагы башкы консулдугу бизге билдиргендей, Кыргызстан биометрикалык заманбап паспортко өткөнүнө карабай, эски совет паспорту бар жарандар жардам сурап кайрылган учурлар дагы эле кездешет. Мындайда документ берүү процедурасы бир кыйла татаал, бирок кайрылган адам өз мекенине келип паспорт алуусу үчүн документтер даярдалып берилет. Мындай иште буга тиешеси бар бейөкмөт уюмдар, жер-жерлердеги кыргыз диаспоралары абдан чоң жардам беришет! 

Алматыдагы башкы консулдук бир күндүн ичинде расмий процедураларды жасап, Назгүлдүн өз мекенине кайтып келиши үчүн зарыл документтерди бүтүрүп берди. Казакстандын бардык тиешелүү кызматтарын координациялоону Астанадагы кыргыз диаспорасы – биздин өнөктөштөр камсыз кылды. 

Шавкат Исмаилов, “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин төрагасы: 

– Биздин бирикме КР Улуттук Кызыл Ай коому менен көп багытта, атап айтканда жоголгон кыргызстандыктарды издөө, аларды өз жерине кайтаруу боюнча кызматташып келет.

Казакстанда миграция жаатындагы бейөкмөт уюмдардын иштери Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МОМ), Казакстандын Кызыл Ай коомунун регионалдык өкүлчүлүктөрүнүн линиясы менен жөнгө салынган. Биз кайрылгандан кийин, Миграция боюнча эл аралык уюмдун улуттук координатору Тараздагы өнөктөш бейөкмөт уюм менен байланышып, алар биринчи документтерди алууга көмөк көрсөтүштү. Казакстандын Кызыл Ай коому үч адамдын Алматыда жашоосун, тамак-ашын төлөп берсе, биз Үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү программасынын алкагында алардын жол киресин төлөп бердик. Адатта мындай кырдаалда өз ара аракеттенүүнүн эффективдүү алгоритми иштелип чыккан. 

Рамиль Перзадаев, бейөкмөт уюмдун жетекчиси, Миграция боюнча эл аралык уюмдун Жамбыл облусу боюнча өнөктөшү: 

– Биз Жамбыл облусу боюнча мигранттарга жардам беребиз. Назгүл облустун миграция боюнча башкармалыгынан маалым катты алышы керек эле. Бирок ал кармап алышат деп коркуп жүргөн. Биздин юрист аны менен чогуу полицияга барган. Полиция кызматы анын оор абалын дароо түшүнүп, маалым катты ошол эле күнү беришкен. 

Назгүл Анарбаева:

– Туулуп-өскөн мекениме кайтып келүүгө жардам берген бардык адамдарга чексиз ыраазымын. Эми Кыргызстандын жараны деген паспорт алган соң, Кыргызстандагы жана Казакстандагы бардык туугандар, досторум менен көрүшө алам. Мен сыяктуу кыйын кырдаалга туш болгон адамдарга жардам берген жакшы адамдар көп болушун кудайдан тилейм.

Мындай кубанычтуу окуялар аз эмес. “Кыргызстан-Астана” коомдук бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун жана Казакстанда жашаган биздин мекендештердин жардамы менен көптөгөн адамдар үй-бүлөсүн, жакындарын таба алышкан.

Булак Кабар

Категориялар Жаңылыктар, Тагдыр

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<