Кыргызстандык ишкердин Youtube’гы каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди

Кыргызстандык ишкер Курман Жолдошевдин Youtube’гы каналы дүйнөдөгү эң популярдуу он каналдын тизмесине кирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

“Сенин каналын дүйнөнүн ТОП 10 рейтингине киргендеги сезимдер”, – деп баракчасында бөлүшкөн.

Жолдошев көп жылдан бери Youtube хостингинде “KIDS 312” каналында кичинекей балдарга мультфильмдерди тартуулап келет. Аталган каналга 3 млн. 734 миң адам жазылган. Youtube колдонуучуларынын арасында “Алтын баскычты” Курманов эң алгачкылардан болуп алган.

Булак Кабар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<