Бишкекте да мындай болгон эмес! Москвада көк бөрүдө ипподромго эл батпай калган!

Көк бөрү күйөрмандары бир нече миң орундук ипподромго батпай, оюнду жерден көрүшкөн.

 Москва шаарынын борбордук ипподромунда алгачкы жолу көк бөрү боюнча ири көргөзмө оюн өттү. Мелдешти мигранттар уюштурганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш кечээ, 24-февралда, өтүп, анда 4 команда — Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарынын оюнчулары күч сынашкан.

“Кыргызстандыктар алгачкы ирет Москванын борбордук ипподромунда кызыктуу оюн көргөздү. Келгендер абдан көп болду. Ипподром бир нече миң орунга ылайыкталган экен, күйөрмандар батпай, оюнду жерден көргөнгө туура келди. Мындай көрүнүш Бишкекте болгон эмес!” — деген ою менен бөлүштү Саматов.

Ал кошумчалагандай, улак тартыш таанышуу түрүндө өткөндүктөн жеңүүчүлөр аныкталган эмес.

Москвадагы көк бөрү оюнун түз алып көрсөткөн Facebook колдонуучу Надыр Мурас дагы мелдешке эл көп келгенин белгилеген.

“Оюн али баштала элек. Сыртта кире электер андан көп. Бүгүн кыргыздар ынтымагын, биримдигин, эли-жерин сүйгөнүн көрсөтөт. Бул жактагы тургундар менен ипподромдо иштегендер “көптөн бери эл мынчалык топтоло элек болчу” деп таң калып жатышат”, — деп оюн алдындагы кадрды жүктөгөн.

Ал ошондой эле көк бөрүгө федерация, миграция, элчилик өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын ИИМ кызматкерлери келгенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, оюн Көк бөрү боюнча эл аралык федерациясынын эрежеси менен өткөн.

Жакында эле креслодо отурган аткаминерлер ээрге минип, кагаз, калем кармаган журналисттер улак эңип көк бөрү талаасында күчүн сынашкан эле.

Булак Спутник

Макаланын түпнускасы: https://sputnik.kg/sport/20190225/1043489425/moskva-kyrgyzstan-kok-boru-meldeshi.html

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу