Миграцияны азайткан үч жол

Москвадан айылга кеткен сайын «желкемдин чуңкуру көрсүн» деп артыма үч жолу түкүрүп, жакшылыкка ырымдап кетем.

Бирок негедир кайтканда жалгыз кайтпай коңшулардан, туугандардан эки-үчөөсүн ээрчите келем. Учакта отуруп көзүмө жаш тамчылап, аскалуу тоо койнундагы киндик каным тамган айылымды караймын. Бир гана Кудайдан тилегеним – «аман-эсен Ата-Журтка кайтып келишсин» деймин. Отургандардын жарымынан көбү кыз-келиндер. Апалар жапкан ысык нан, жеңелер уй сааганда жел бойлоп келген жылуу сүттүн жыты, биздин бактылуу балалык эсил кайран ыраматылык СССР менен бирге кеткендей сезилет. Эсимде, эжекенин «Келечекте ким болгуң келет?» деген суроосуна балдар «тракторист», кыздар «мугалим» деп жооп беришчү эле. Биздин муун сабактан кийин учкан учакты көрүп калсак «самолет, самолет, Москвага ала кет» деп кол булгалап, жарышып ойногон. Мына, жаштын тилегин берет деген ушубу?.. Учак Оштон Москвага үч-төрт жолу учса, айылыма тескерисинче автобус барбай калды.

Илгери бир шордуу «жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу» деген экен. Мен деле отуз жетинин нанын Москвадан таап жеп, күн өткөрүп жүргөн кыргызмын. Эмне үчүн дайыма «кайтпаймын» деген кыргыздар кайра эле жөргөмүштүн торуна түшкөн чымындай болуп, кайтып келе жатышат? Талдап көрөлү. Айылдар эли фронтко кеткендей ээн калды. Эмгекке жарамдуу жарандар миграцияда. Бул эмне деген шумдук? Ансыз деле жарандык активисттер «Орусияга кеткен кыргыздардын ордун кытай жана башкалар каптап келе жатат» деп коңгуроо кагып келе жатышат. «Дүйнөнү суу каптаса өрдөккө эмне кам?» болуп, аткаминер чоңдорго баары бир.

Миграциянын толкунун биринчи ажобуз Аскар Акаев түзгөн. Дүңгүрөп иштеп жаткан, бай колхоз-совхоздорду чачып жок кылган, завод-фабрикаларды талкалап, андан чыккан темир-тезектин баарын Кытайга сатып, алардын ордуна базарларды, жогорку окуу жайларын, жада калса УАЗик араң жеткен райондорго чейин ЖОЖдордун филиалдарын козу карындай жайнатып салды. Өтүкчү, тракторист болууну кыялданган элеттик жаштар козу-торпогун сатып экономист, дипломат, юрист деген диплом сатып алышты. Жумушчудан чоңу көп заман келди. Чындыгында бул бир социалдык бомба болду. Бул окуу жайлары коррупционерлер менен мигранттарды даярдаган уя болуп калды. «Отурганда эле кыйшык отурган ээрди эми Жээнбеков оңдойт, ыймандуу киши экен» десем, «кыргыз көчү уланат» деген ураан менен шайлоого чыкканда жакамды кармап, үмүтүмдү үздүм, «ушу көчтү токтоткон эргул табылбады» деп. Шабдан баатыр «элимди отурукташтыра албадым» деп арманы кылган экен. Жарыктык ошондо түшүнүптүр, көчмөн цивилизациясынын түгөнгөнүн.

Миграция же кыргызча көч деген эмне? Бир жерден экинчи жерге барып нан таап жешти куштар деле билет. Элдин көчү тарыхта өз ордун табат. Мухаммед пайгамбарыбыз Меккеден Мединага көчкөндөн кийин хиджрий ислам календары башталат. Керек болсо көчтүн айынан жаңы мамлекеттер жана улуттар пайда болот. Христофор Колумб Индияны издеп, Американы ачып, картада нечендеген мамлекеттер пайда болду. Шейбаниддерге таарынган Керей менен Жаныбек казак улутун негиздегенин ага-ини хандар өздөрү деле билбей кетишти окшойт. Кыргыздардын көчү эмне менен аяктайт?? Он кыргыздын арасына өзбек же орус кирип келсе орусчалап, өзбекчелеп сүйлөгөн жетелеме кыргыздар чет жерде ассимиляцияга туруштук бере алабы? Өткөндө Интернетте Мыктыбек Арстанбек «кеткен мигранттардын балдары кайра келбейт» десе аны мигранттар ур-тепкиге алдык. Канткен күндө деле үмүтсүз шайтан дейт. Манас деле айла жоктон көчүп кеткен Жакыптын уулу да. Өлгөн сайын өрчүгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыздын тукумунан балким Москвада же Питерде төрөлгөндүр, Манас.

Бирок баатырдын төрөлүшүн күткөн эл – «алма быш, оозума түш» деген эл. Манастай болуп курама жыйып журт кыла албасак да миграцияны азайткан механизмдерин иштеп чыгууга убакыт келди.

Маселени чечүүнүн биринчи жолу мындай. Рим империясы соңку доорунда германдык варварлар менен согушканда патрицийлер «кантип коргонобуз» дегендин ордуна «кантип көнүл ачабыз» деп көбүрөөк убакыт өткөргөн экен. Оюн-күлкү, той-тополордун айынан дүйнөнүн түркүгү болгон Рим империясы кулады. Демек жакшылык-жамандыктагы чыгымдарды кескин түрдө кыскартуу зарыл. Жомоктогудай той-тополорго, өлүм-житимдеги чыгымдарга он жыл мораторий жарыялаш керек. Сырттагы мигранттардын инвестициясынын көбү ушу тармакка эле кетип жатат. Атасына ашын бере албай, инисин үйлөнтө албай, жада калса өзүнүн себин өзүн кылган секелек кыздарды көргөндө жүрөгүңдөн кан тамат.

Экинчи жолун Байдылда Сарногев айтып кеткен:

Толкун болот деңиздин күчтүү жери.

Толкундай бол, кыргыздын жигиттери.

«Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол» деп

Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Кандай гана даана айткан! Эзелтен элибиз «өнөрлүү өлбөйт» деп бекер айткан эмес. Кесиптик окуу жайларын көбөйтүп, ЖОЖдордун санынан сапатына көңүл бурууга убакыт келди.

Дүйнө саат сайын эмес, мүнөт сайын өнүгүп жатат. 120 депутаттын ордуна кесипкөй 120 айтишник болгондо мынчалык абалыбызга мышык ыйлабайт эле. Билесиздер, мега веб-сайттар «Амазон», «Фейсбук», «Гугл» Кыргызстандан бай. Ошол IT тармагында уктап жатабыз. Интернеттин жемиши аркылуу Индия жана Кытай үчүнчү дүйнө деген статустан айрылып, өнүкөн дүйнөнүн эшигин ачышты. Албетте, сапаттуу билимдин шарапаты менен.

Дагы башка кызык бир нерсе – Ошто кыргыздардан чач тарач саналуу гана. Мурда такыр жок эле, ошол эле Москвадагы эконом класстагы кыргыз чачтарачтары акыркы күндөрү аябай көбөйдү. Кызыгып сурасам көбү ушул жерде кесиптик лицейлерди, курстарды аякташыптыр. Аш-тойлор азайса, ошол чачтарач жигит-кыздар тентибей эле Кыргызстанда жашамак. Миграцияга кабылган чакта деле көчө шыпырбай, жүк ташыбай, тыңараак, тазараак жерде иштешмек. Тилекке каршы, жогорку билимдүү көп кыргызды кара жумуштарда көрдүм.

Үчүнчү жолу – кыргыз өкмөтү сырттан кризис-менежер таап мамлекетке алып келсин. Өзбекстанда Мирзиёев хедхантинг саясатын баштады. Мыкты адистерди Түштүк Кореядан алып келип жатат. Мега-компанияларды банкроттуктан сактап калган бул азаматтарга Кыргызстан казынасы татаал эмес. Булардын арты менен Кыргызстан өз брендин дүйнөгө тартууласа болот. «Мерседес» десе немистерди, «Soni» десе жапондорду элестетебиз. Ооба, технологиядан аларды кууп жете албайбыз. Бирок улуттук суусундуктарбыз болгон кымыз, шоро, бозо, куруттарды ЮНЕСКОго эмес, дүйнөлүк базарга чыгарыштын жол-жоболорун четтен келген адистер көрсөтмөк. Кола менен пепсиден, энергетик суусундуктардан шоро, бозо өлсө өлүгү артык.

Баса, ЮНЕСКОдо казактар менен ар нерсени талаша бербей, «Манас» эпосун, кыргыз оозеки жомоктору «Эр Төштүк», «Курманбектерди» 3D мультфильм жасап чыгарсак, «Маша менен Аюудан» алда канча кызыктуураак болмок. Миллиондогон жапжашыл доллар миграциянын агымын азайтмак, миграциядагы бөбөктөрдүн кыргыз идентификациясын сактамак. Ачуу чындык ушул – азыркы бөбөктөргө чоң энелердин ролун телефондор менен планшеттер аткарып калды. Өкүнүчтүүсү ушундай – 3D анимация тармагында кадрлар жок эсе.

Кыскасы коррупция деген балээ кыргыздан Коңурбайдын өчүн алып жатат. Эч качан кыргыз байлык издеп тентиген эмес. Өз журтунан алыс кеткендерди «тентимиш» деп тергеп, даражасы төмөн болгон. Ошого «бөлөк элде султан болгончо өз элиңде ултан бол» деп бекер айтпаган чыгар. Сөзүмдү Сталиндин «кадрлар баарын чечет» деген аныктамасы менен аяктаймын. Креслодо аке-үкө, таяке-байке болуп жөндөмсүз Абыке, Көбөштөр отурган чакта дагы далайга шорубуз куруйт го. Себеби булар өздөрү билбейт, билгендин тилин албаган трайбалист, регионалист, коррупционер кадрлар.

Максат Халилов, Москва

Булак “Азаттык”

Категориялар Аналитика, Жаңылыктар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<