Москвада үйдүн чатырынан кулап кетип, эки буту жана жамбашы сынган Чыңгыз Керимбек уулуна Бишкекте операция жасалат

Орусияда үйдүн чатырынан кулап кетип, эки буту жана жамбашы сынган Чыңгыз Керимбек уулуна Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунда операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KGпорталына дарыгер Талант Сарымсаков билдирди. Анын айтымында, бейтап учурда операцияга даярданып жатат.

“Операциясы ийгиликтүү болушу үчүн бардык шарттарды карап, даярданып жатабыз. 28-февралда ага операция жасайбыз”, – деди дарыгер Сарымсаков.

Чыңгыз Керимбек уулу 22-февралда Орусия шаарынан мекенине кайтып келгенин Чүй коомунун өкүлү Улан Курманбеков билдирди.

“Мекендешибизге Орусиядан 21 миң рубль чогултулду. Ал эми Чыңгызга жумуш берген жаран 100 миң рубль жардам берген”, – деди Курманбеков.

Буга чейин Чыңгыз Керимбек уулунун абалы оор болуп, анын дарылануусуна жакындары жардам сурап кайрылган эле.

Булак Superkg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<