Россиядагы активдүү кыргызстандыктар Жалал-Абаддагы атайын балдар үйүнө жардам көрсөтүштү

Орусияда Кыргыз жарандарынан түзүлгөн активисттер тобу Жалал-Абаддагы балдарды социалдык жактан калыбына келтирүүчү мекемеге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Ал Москвада активисттер тарабынан “Эл башчылар” деген топ түзүлгөнүн айтты. Ага Кыргыз жериндеги 7 облустун жарандары кирген. Топто 15ке жакын жаран бар.

“Топтун мүчөлөрү буга чейин кайрымдуулук иштерин жасап келгенбиз. Мындан ары биргеликте жасайлы деген ой болду. Кандайдыр бир иш-чараны жасаар алдында чыгашаны эсептеп каражат топтойбуз. Бара-бара фонд ачабыз деген ниеттерибиз бар. Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине азык-түлүк, кир жуучу каражаттарды сатып алып бердик. Баткен, Ош, Жала-Абад облустары, Бишкек шаарындагы муктаж болгон жарандарга жардам берип келебиз. Эми Кыргыз жериндеги башка шаарлардагы балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткандарга да жардам берип турабыз”, – деди ал.

Булак Superkg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<