Ардактуу консулдардын иши парламентте талкуу жаратты

Депутаттар ардактуу консулдар аларды дайындаган мамлекетте бизнестери бар экенин айтышты.

 Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Элвира Сурабалдиева ардактуу консулдар кандай тартипте тандаларына кызыкты.

Депутаттар “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун карашты. Ал үчүнчү окууга киргизилет.

Бактыбек Турусбеков акыркы учурда кызыл түстөгү дипломатиялык мамлекеттик номер менен жүргөн консулдар көбөйгөнүн айтты. Ал эми Элвира Сурабалдиева ардактуу консул болуп жүргөн КР жарандарынын ошол мамлекетте бизнестери бар экени ачык эле айтылып жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин өкүлү ардактуу консулдарды дайындоо боюнча сунуш башка мамлекеттин тышкы иштер министрликтери тарабынан келерин айтып, аларды карап чыккандан кийин КР тышкы иштер министри Кыргызстандын жарандарын ардактуу консул кылып дайындай турганын айтты.

“Кыргызстанда иштеп жаткан ардактуу консулдар чынында аларды дайындаган мамлекет менен экономикалык жактан бизнес долбоорлору бар”, — деди өкүл.

Ал ошондой эле учурда бул жаатта анализ жасалып жатканын жана ардактуу консулдар менен иштөөнүн тартибин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Сурабалдиева ошондой ишкерлер арасында ардактуу консул болуу үчүн жең ичинен бериле турчу акчанын көлөмү миңдеген долларга жеткени боюнча кептер айтылып жатканын белгиледи. Өз кезегинде тышкы иштер министрлигинин өкүлү эгер ошондой маалыматтар, фактылар болсо, аларга берүүнү суранды.

Учурда Бишкек шаарында башка мамлекеттин атынан ардактуу консул болгон 35 киши бар.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<