Forbes Кыргызстанды сейилдөөгө ыңгайлуу 3 мыкты аймактын катарына киргизди

Рейтинг туристтер менен блоггерлердин пикиринин негизинде түзүлгөн.

Белгилүү америкалык Forbes журналы ат миниип кыдырууга ыңгайлуу болгон эң мыкты өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Рейтинг туристтер менен блоггерлердин пикирлеринин негизинде түзүлгөн. Кыргызстан үчүнчү орунда турса, биринчини АКШнын Алисал району алган.

“Бул өлкө (Кыргызстан — ред.) атты мыкты чапкандар үчүн. Кыдыруу учурунда Улуу Жибек Жолундагы эң кооз жерлерге күбө болгон Марко Полодой эле болосуз. Бишкекке барып андан ары көз жоосун алган Жууку капчыгайына, Кумтөр боз үй лагерине жана Үч-Кошкон өрөөнүнө барсаңыз болот. Жолдон топоз, тоо эчки сыяктуу түрдүү жаныбарларды учуратасыз. Ал жактан боз үй, алачыктарда түнөйсүз, андыктан өзгөчө эс алууга даярданыңыз”, — деп рейтингдин авторлору жазган.

Экинчи орунга Ямайка илинген. Туристтерге Халф Мун булуңунун жээгинде ат менен сейилдөө сунушталат. Төртүнчүдө Аргентина турат. Эс алуучулардын айтымында, Ла Констансия шаары эс алуу үчүн мыкты жер. Бешинчиге Ишетар району менен Исландия кирди.

Булак Спутник

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу