Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Сауд Арабияда жашаган мекендештер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Сауд Арабия Королдугуна болгон иш-сапарынын алкагында Сауд Арабияда жашаган мекендештер менен жолукту.

Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2019-жылдын 26-февралында Эр-Риядда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Сауд Арабия Королдугуна болгон иш-сапарынын алкагында Сауд Арабияда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Мекендештер Министрге аларды кызыктырган суроолорун берип, ошондой эле өздөрүнүн көз карашы жана демилгелери менен бөлүштү. Ч. Айдарбеков бардык берилген суроолорго жооп берип жана бир катар сунуштарды мындан ары иштеп чыгуу үчүн контролго алаарын билдирди. Ошону менен бирге, ТИМ башчысы КР Президентине караштуу Мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдады, мында Кеңештин негизги максаты чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, колдоо маселелери боюнча мамлекет менен мекендештердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу болуп саналаарын белгиледи.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<