Ардактуу консул “Замандаш” ассоциациясында мейманда

Кечээ “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров Кыргызстандын Польшадагы ардактуу консулу Януш Кшивашинский менен жолугушту.

Жолугушууда ардактуу консулдун Польшада аткарып жаткан иштери, асыресе кыргыз мигранттарына укуктук, социалдык жактан жардам берип келе жатканы тууралуу сөз болду. Анын ичинде каза болгон мекендештердин сөөгүн (“жүк 200”) мекенине жеткирүү боюнча да айтылды. Акыркы жолу Януш Кшивашинский каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам көрсөткөн. Каза болгон адамдын үй-бүлөсү Бишкектин “Ала Тоо” конушунда жашагандыктан, ардактуу консул ал үй-бүлөгө да барып жолугуптур. Алар сөөктү жеткирүүгө жардам бергени үчүн консулга ыраазылык билдиришкен.

Абдирасул Айдаров өз кезегинде “Замандаш” ассоциациясынын ишмердиги тууралуу кенен баяндап берди. Ассоциациянын көптөгөн өлкөлөрдө ондогон диаспораларынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча ардактуу консул кенен маалымат алды. Мындан ары да Польшадагы кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо, көйгөйлөрдү маалымат алмашып, биргелешип чечүү боюнча пикир алмашуу болду.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<