Түркияда КМШдан барган аялдарды сойкулукка мажбурлаган топ кармалды

Түркияда КМШдан барган аялдарды сойкулукка мажбурлаган топ кармалды,- деп жазат haberler.com.

Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында Азербайжан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган 10 аялды коркутуп, сойкулук кылууга мажбурлашкандыгы аныкталган. Куткарылган кыз-келиндерди мекенине депортациялоо чечими кабыл алынган.

Ал эми кармалган 9 адамдын иши сотко өткөрүлүп берилген. Алардын ичинен экөө Азербайжандын жарандары болуп чыккан.

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<