Орусиядагы заводдон чыккан өрттө жети кыргызстандык жабыркады. Экөөнүн абалы оор

Орусиянын Владимир облусуна караштуу Гороховец шаарында айнек таңгактарды иштетүүчү «Русджам» заводунда өрт чыгып, 7 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 5-мартта катталган.

Кырсык заводдун курулуш иштери жүрүп жаткан аймакта болгон. Жабыркаган кыргыз жарандарынын экөөнүн абалы оор, алар Төмөнкү Новгород шаарындагы ооруканага жаткырылды. Дагы экөө Гороховец шаарындагы ооруканада. Жабыркагандардын баары кыргызстандык экени айтылууда.

Булак 24кж

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<