Түркиянын экс-премьер-министри кыргыздарды Калпак күнү менен куттуктады

5-мартта Стамбулдагы башкы консулдукта Калпак күнүнө карата шаарда жашаган кыргызстандыктар атайын иш-чара өткөрүштү. Иш-чарага 31-марттагы жергиликтүү бийлик шайлоосунда Стамбул шаарынын мэрлигине талапкер, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырым куттуктоосун жөнөттү.

Консулдуктун кызматкерлери жана Стамбул шаарында жашап иштеп жаткан эмгек мигранттары шаардын тарыхый Истиклал көчөсүн кыдырып жергиликтүү тургундарга кыргыз калпагын таанытышты. Уюштуруучулар быйыл мындай иш-чара экинчи жолу өтүп жатканын айтышты.

Стамбул шаарында 15 миллиондон ашык адам жашайт. Түркияда расмий эсеп боюнча 25 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия өңдүү ири шаарларда отурукташкан.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<