Аруулуктун, жадыраган жаздын, жаркыган көңүлдүн майрамы кут болсун!

Ардактуу айымдар! Акылман апалар, асылзат эжелер, карындаштар! Сиздерди бүгүнкү 8-март жаз майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Жаздын алгачкы күнүндө жаратылыш ойгонуп, бутактар бүчүрлөп, жер көктөмгө оронгону сиздердей асылзаада айымдардын майрамына туш келгени – баарыбыздын көңүлүбүздү көккө көтөрөт. Сиздер бир үй-бүлөнүн очогу эле эмес, бүтүндөй мамлекетибиз таянган негизги күч болуп келе жатасыздар. Азыркы аялзаты улутубузду сактоочу өзөк да болуп калууда. Мындан ары да жаманыбызды жашырып, жакшыбызды чыгарган сиздердей даанышман аялзаты өлкөбүздүн өнүгүшүндө негизги роль ойнооруна биз ишенебиз. Ошондуктан баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, туруктуулук, сабырдуулук каалайбыз! Алдыдагы бардык күнүңүздөр бүгүнкү майрамдык маанай менен өтсүн!

“Замандаш” ассоциациясы

Категориялар Башкы кабарлар

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<