Бильярдчы Дастан Лепшаков Москвадагы мелдеште жеңди

Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярддын комбинациялык пирамида түрүнөн Дүйнө кубогун жеңип алды. Оюндар 9-мартта Москвада болду.

Лепшаков финалда орусиялык атаандашы Артем Баловду 6:2 эсебинде утканын жергиликтүү спорт басылмалары кабарлашты.

Орусиянын башкалаасындагы бильярд мелдештери 4-мартта башталган.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<