Түркияда кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды

Түркиянын Стамбул шаарында 8-мартта кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага Анара Искакова, Гүлчахра Токтосунова, Кайыргүл Казыбекова жана Камила Торогелдиеванын чыгармалары коюлду.

Кыргыз сүрөтчүлөрдүн кийизден, айнектен жана курактан жасалган эмгектерине жергиликтүүлөрдү өзүнө тартып жатканын “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Түрк дүйнөсү муниципалитеттер биримдиги уюштурган көргөзмө түрк тилдүү мамлекеттердеги чыгармачыл аялдарга колдоо көрсөтүү жана алардын чыгармаларын дүйнөгө таанытуу максатын көздөйт.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата ачылган иш-чарага Азербайжан, Өзбекстан, Тажикистан, Казакстан, Башкырстан жана Түркиядан дагы чыгармалар коюлган. Көргөзмө Таксим көркөм-өнөр галереясында 16-мартка чейин уланат.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<