Кара-Сууда 11-класстын окуучусу асынып алды. Маркумдун ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн

Ош облусунун Кара-Суу районунда 11-класстын окуучусу муунуп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-март күнү Кара-Суу районунун Мады айылында катталган. Анда 2001-жылы туулган окуучу өзүнүн сарайында жипке асынып алган.

“Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшөрү менен тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Анда өспүрүм чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланып жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми ата-энеси Орусияда иштеп жүргөн. Маркумдун жакындары медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Учурда өзүн-өзү өлтүрүүсүнүн себептери такталууда”, – деди басма сөз кызматы.

Булак Super.kg

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<