Каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилет

ММКларда жазылган Москвада болгон жол кырсык боюнча КР Россиядагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет: Кырсык үстүбүздөгү жылдын 8-мартында эртеңки мененки саат сегиздерде Москвадагы Братиславский көчөсүндө болуп, натыйжада эки адам каза болгон. Такси айдаган айдоочу да 25 жаштагы С. Р. Н.  кыргызстандык экени аныкталды. Ал камакка алынган. Айдоочунун атасы жана эжеси менен байланыш болуп жатат.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, алдын ала тергөөнү Москванын тиешелүү органдары жүргүзүп жатышат.

Таксиде каза болгон эки жүргүнчү тең Кыргызстандын жарандары болушкан: К. кызы Б., 1991-жылы туулган жана А. К. Ж. 1989-жылы туулган. Каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү 12-мартка пландалган.

Кырсык болгон жерге КР ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да бирге барышты. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынды.

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<