Кыргызстан Парижде жана Римде өкүлчүлүк ачууну көздөп жатат

“Париж жана Рим шаарында жашап, иштеп жаткан мекендештердин саны өсүп жаткандыктан бул шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачууну тапшырам” деди мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу президент Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен жолугушууда билдирди.

Ошондой эле президент Германия, Франция, Швейцария, Венгрияга жана Азербайжанга расмий сапар менен барары белгилүү болду.

Жээнбековдун айтымында, бул өлкөлөр менен соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташуу маселелери талкууланат.

Булак “Азаттык”

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<