Стамбулда Ноорузга карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, 14-март күнү Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Маданият Университетинде Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу, Кыргыз Достук жана Маданият коому менен биргеликте Ноорузга арналган майрамдык иш – чара уюштурушту.

Университеттин короосунда Кыргыздын улуттук жасалгалары менен боз үй тигилип, Нооруздун негизги майрамдык даамы сүмөлөк жасалып, КР маданият өкүлдөрү Упелхан Сейилбекова, Эрлан Жандарбай, бий топторунун ж.б. катышуусу менен биргеликте майрамдык концерт болуп өттү.

Консул Заманбек Рысалиев өзүнүн сөзүндө катышуучуларды куттуктап, Маданият Университетинин алкагында кыргыздын улуттук маданиятын, жашоо турмушун студенттерге, конокторго көрсөтүүгө жана бул иш чараны өткөзүүгө салым кошкон университеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Майрамда университеттин ректору профессор Эрхан Гюзел, КРдин Стамбул шаарындагы Башкы консулу Заманбек Рысалиев, диаспора мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттер күбө болушуп, улуттук майрамдык тамак аштардан ооз тийишти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Автор жөнүндө

Комментарий калтыруу

<